Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Ташиев бийликти басып алууга шек саналып кармалгандар боюнча комментарий берди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “7-каналга” маек куруп, жакында эле бийликти күч менен басып алууну пландаган деген шек менен кармалган адамдар тууралуу комментарий берди.

Ал “экономика эми көтөрүлүп келатканда Кыргызстанга тынчтык керек экенин, кармалган топко сырткы күчтөрдүн тиешеси бар-жогу тергөөдө аныктала турганын” айтты.

“Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Куралдарды, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип “кустарный метод” менен жасасак болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты баарынын артынан түшүп, видео байкоолорго жаздырып жүргөнбүз. Баары бышып жетилгенден кийин балдар кармап келишти. Алардын максаты: өткөндө жүз берген окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору бар эле. Жаман ишти кылаар замат, ошол эле аскер кийим кийген балдар шапкелерин ыргытып, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытып, “мына, биз эл тарапка өттүк”, - деп жарыялашмак. Ошентсе, “бүткүл өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет”, -деген чолок акыл пландары болгон”, - деди ал,

5-июлда УКМК бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, беш адам кармалганын кабарлаган.

Алардын жашаган жерин жана автоунааларын тинткенде 70 курал-жарак, 255 миң 238 ок-дарылар, 200 укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин формасы, 30 баш кийим, 38 ок өтпөс кийим, 2 дрон, рация, колго жасалган жардыргыч заттар, экстремисттик адабияттар жана башка буюмдар табылып алынган.

Атайын кызмат алар быйыл 31-августта улуттук ат чабыш ойнотулуп жатканда теракт кылууну пландаганын билдирген. (BTo)

XS
SM
MD
LG