Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:44

Столтенберг Орусиянын коркутуп-үркүтүүсүнөн натыйжа болбосун айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг альянс Украинанын Орусияга каршы аракеттерине колдоо көрсөтүп, анын «жеңиши үчүн негиз салып жатат" деп билдирди. 11-июлда Вашингтондо өткөн НАТО саммитинин жыйынтыгы боюнча пресс-конференцияда ал альянс “мындайдын кайра кайталанышына жол бере албайт жана жол бербейт” деди.

"Зордук-зомбулук жана коркутуп-үркүтүү эч нерсеге алып келбейт" деди Столтенберг.

«НАТО лидерлери Украинаны “күчтүүрөөк жана аскердик жагынан жөндөмдүүрөөк” кылуу үчүн, Украинанын НАТОго ыктымал мүчөлүгү үчүн “көпүрө куруу” үчүн чогулду”, - деген Столтенберг альянс келечекте “Украинанын муктаждыктарын канааттандырат” деп ишендирди.

Саммиттин жыйынтыктоочу күнүндөгү сөзүндө Украинанын президенти Владимир Зеленский эгер өнөктөштөр Украинанын жеңишин калаай турган болсо, анда берген курал-жарагы менен Орусиянын алыскы аймактарына чейин сокку урууга чектөөсүн алышы керектигин айтты.

«Эгер биз жеңгибиз келсе, жеңишке жетүүнү кааласак, өлкөбүздү сактап, аны коргоп калгыбыз келсе, бардык чектөөлөрдү алып салуу керек», — деди Зеленский Столтенберг менен чогуу катышкан пресс-конференцияда.

Саммитте Украинага көптөн бери убада кылынып келе жаткан америкалык F-16 истребителдери берилери жана келерки жыл ичинде 43 миллиард долларлык аскердик жардам бөлүнөрү маалым болду.

АКШ быйыл апрелде бекиткен 61 миллиард долларлык жардамынын бир бөлүгү катары 225 миллион долларлык аскердик техника жөнөтөрү, анын ичинде Patriot ракеталык батареялары, зениттик комплекстер, ок-дары, артиллериялык ок-дары жана ракеталар бар экени маалымдалды.

Зеленскийдин администрация башчысы Андрей Ермак Батыш берген курал-жарак менен Орусиянын аймагына атууга байланыштуу чектөөнүн алынышы согуштагы «оюн эрежесин өзгөртөрүн» айтып, «душмандын алдында эч кандай чектөө жок шартта согушуу дээрлик мүмкүн болбой жатат» деп кошумчалады. (RK)

XS
SM
MD
LG