Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Ишкерлердин 98% патенттен башка салык режимдерине өттү


“Ош базары”. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
“Ош базары”. Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстанда 82 миң 886 ишкер патент системасынан башка салык режимдерине өткөнүн, бул соода-сатык менен алектенгендердин 98% ашыгын түзөрүн билдирди.

Алардын ичинен 65 миң 745 ишкер бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын тандашкан, ал эми “өзгөчө салык режимине” киргизилген “Дордой” жана “Тураталы эл базарында” (ред: “Кара-Суу” базары) иштеген 17 миң 141 субъект өзгөчө салык режимине өттү.

Өлкөдө 1-июлдан баштап соодадагы патент жоюлуп, көзөмөл-кассалык машинени (ККМ) милдеттүү колдонуу тартиби күчүнө кирген. Ушундан улам ишкерлер салык салуунун башка ылайыктуу режимдерине өтүп жатышат.

Ага ылайык, бир жылдык товар жүгүртүүсү 15 млн сомго жетпеген ишкер салык төлөбөйт, отчеттуулук да талап кылынбайт. Андан кийинки босого чек 30 млн сом болуп, соода жүгүртүүсүнөн 0,5% салык төлөйт, эгерде 50 млн сомго чейин болсо, 1% төлөйт. Андан ашса, накталай эмес эсептешүүдөн 2%, накталай болсо, 4% салык төлөнөт.

Ал эми “өзгөчө салык режимине” киргизилген “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларында салык төлөөчү өзүнүн соода жүгүртүүсүнүн көлөмүн өзү белгилеп, ылайык келген салык режимин тандайт. Маселен, бир жылдык соода жүгүртүүсү 4 млн сомго чейин болсо, жылына 18 миң сом же айына 1500 сом салык төлөйт. Ал эми 100 млн сомдон ашса, ошого жараша жылына 1 млн сом төлөйт.

Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле.

Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.

Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү быйыл 1-июлга чейин жылдырылган.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

XS
SM
MD
LG