Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Президент элди маркумдарга эстелик орнотууну токтотууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров элди маркумдарды жерге берүүдө ашыкча чыгымдан баш тартып, мүрзөгө эстелик тургузуп, тегерек-четин коруп албоого чакырды.

Бул тууралуу мамлекет башчы “Ала-Тоо 24” телеканалы жасаган “Көрүстөндөр көйгөйү” видео материалында айткан. Садыр Жапаров Кыргызстандын ансыз да түздүк жерлери аз экенин, эгерде сөөк коюлган жерлер кийин кайра иштетүүгө берилбесе элди турак жай менен камсыз кылуу, азык-түлүк маселеси курчуй турганын эскертти. Ал Ысык-Көл облусунда жакындары жерге берилген жерге барып, каза болгон баласына да эстелик тургузбаганын айтып, чоң атасы менен чоң энеси жерге берилген жайды көрсөткөн.

“Менин чоң атам менен чоң энемдин сөөгү ушул жерде жатат. Алар 1980-жылдардын аягында каза болушкан. Атамдын бир тууган иниси Жумакадыр деген байкем экөөбүз атама да, энеме да эстелик тургузганбыз. Ташка чектирип, жаздырып тегерегине темир менен тосмо койгонбуз. 1990-жылдардын аягында атам Меккеге барып келди. Өзү өмүр бою молдочулук кылган киши. Бирок мындай кылбаш керектигин билбесе керек. Меккеден келгенден кийин “шарият боюнча мындай болбойт экен. Отко күйгөн нерселерди, темир, цемент колдонгон болбойт экен. Арбак өзү кыйналат экен” деди. Ошондон кийин бул жерди тазалап койгон”, - деди президент.

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө Советтер союзу учурунда мүрзө болуп, кийин айдоо жерге айланган жана үйлөр салынган да аймактарды көрсөткөн.

Кыргызстанда мүрзөлөргө маркумдун аты-жөнү жазылып, сүрөтү чектирилген эстеликтерди койгондор, сөөк коюлган жердин айлана-тегерегин тосуп салгандар көп.

Садыр Жапаров 2022-жылы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда чектөөлөр ашыкча чыгымга жол бербөө максатында ишке кире турганын түшүндүргөн.

Ага улай президент бул жарлык боюнча Фейсбук баракчасында комментарий берип, өлүм болгон үйдө мал союлушуна тыюу салган талап колунда барына, же жогуна карабай баарына бирдей колдонуларын эскерткен. (BTo)

XS
SM
MD
LG