Байден согушта Орусиянын жеңишине жол берилбей турганын айтты

Жо Байден жана Владимир Зеленский. 11-июль, 2024-жыл.

Вашингтондо өткөн НАТОнун 75 жылдык мааракелик саммиттинин аягында сүйлөгөн сөзүндө АКШнын президенти Жо Байден союздаштардын аракети “бирдиктүү” экенин айтып, алар согушта Орусияга Украинаны жеңүүгө жол бербей турганын билдирди.

НАТОнун жыйынына катышкан Украинанын президенти Владимир Зеленский союздаштарына көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, абадан коргонуу системалары жана F-16 учактары керек экенин айтты. Ал 13-июнда АКШ менен Украина кол койгон коопсуздук келишимин “тарыхый” деп баалады.

Мунун алдында Жо Байден менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусунда АКШ Украинага аскердик жардамдын жаңы пакетин берип жатканын жарыялаган. Associated Press (AP) агенттигинин маалыматына ылайык, 225 миллион долларлык аскердик жардамда “Patriot” абадан коргонуу системасы бар.

НАТОнун бул жолку жыйынында Украинага бир жыл ичинде 40 миллиард евролук аскердик жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды. (BTo)

Дагы караңыз

11-июль: Колумбияда борборазиялык мигранттар түшкөн кайык чөктү, Кыргызстанда 25 жаштагы келиндин өлүмү иликтенүүдөИИМ жарым жылда маңзатка байланышкан 680ге жакын кылмышты аныктадыАКШ Европага узак аралыкка сокку ура алчу система жайгаштырат Орусия Навальныйдын жесирин "террорчулар тизмесине" киргизди"Озодлик": Гүлнара Каримова түрмө жетекчилигинин "баш оорусуна" айландыБоснияда Сребреница курмандыктарын эскерүүгө миңдеген адамдар катыштыНАТО Украинага колдоо көрсөтүү үчүн Германияда жаңы борбор ачат