Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:37

ИИМ жарым жылда маңзатка байланышкан 680ге жакын кылмышты аныктады


Маңзат сатуу боюнча иликтөөдөн алынган сүрөт.
Маңзат сатуу боюнча иликтөөдөн алынган сүрөт.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы ушул жылдын алгачкы алты айында милиция баңгизатына байланышкан 677 кылмышты аныктап, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 12 тонна 835 кг маңзат алынганын билдирди. Жети жашыруун баңги лаборатория жоюлуп, 57 кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлган. Андан тышкары маңзат кылмыш иштерине байланыштуу издөөдө жүргөн 10 адам кармалган.

Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жарым жылдык иши боюнча жыйында айтылды.

Расмий маалыматка ылайык, соңку үч жыл ичинде маңзатка байланыштуу 3,5 миңге чукул кылмыш иши катталган. Бул кылмыштар боюнча 500дөн ашык адамга айып коюлган. Үч жыл ичинде маңзат даярдоого ылайыкташкан 30га чукул лаборатория аныкталган.

Мыйзам боюнча маңзат соодасына аралашкандар мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. (BTo)

XS
SM
MD
LG