Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

НАТО Украинага колдоо көрсөтүү үчүн Германияда жаңы борбор ачат


НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлери Вашингтондогу саммитте Украинаны альянска кошулууга жакындатууга жана Орусиядан тарап жаткан коркунучка каршы туруу үчүн мындан аркы кадамдарды макулдашты.

Уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 10-июлдагы маалымат жыйында жарыялаган кадамдарга Германияда борборлоштурулган командачылык ачуу менен Польшада окуу жана аналитикалык борборун түзүү да кирет.

Баш катчы кошумчалагандай, Германиядагы борбор Висбаденде жайгашып, ал жакта альянстын 700дөй кызматкерин үч генерал башкарат. Ал борбор эл аралык жардамдын координациясына жана тиешелүү аймакка жеткирилишине жоопкер болот.

Буга чейин НАТОго мүчө мамлекеттер Украинага көрсөткөн жардамды АКШ башында турган бейформал топ аркылуу координациялап келишкен. Ал Украинаны коргоо боюнча байланыш тобу деп аталат.

Ал эми жаңы борбор расмий НАТОНун Украина үчүн коопсуздук багытында жардам көрсөтүү жана даярдоо борбору деп аталат. Ал ошондой эле Украинанын НАТОго мүчө болушуна багыт алган "артка кайтпас жолунун" бир бөлүгү болуп калат.

Ал эми Польшадагы борбор Бирдиктүү окуу-аналитикалык борбор деп аталып, Быдгощ шаарында жайгашат. Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорскийдин айтымынла, ал жакта украин согушунда колдонулган дрондор жана башка аппаратар иликтенет.

Вашингтондо өтүп жаткан НАТОнун 75 жылдык мааракелик жыйынында Украинага бир жыл ичинде 40 миллиард евролук аскердик жардам көрсөтүү чечими да кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG