Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:31

Орусия Навальныйдын жесирин "террорчулар тизмесине" киргизди


Орус оппозициясынын лидери, камакта набыт болгон Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная.
Орус оппозициясынын лидери, камакта набыт болгон Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная.

"Росфинмониторинг" ишканасы орус оппозициясынын лидери, камакта табышмактуу жагдайда каза болгон Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальнаяны "террорчулар менен экстремисттердин" тизмесине кошту.

9-июлда Москванын Басман райондук соту Навальнаяны "экстремисттик коомчулукка аралашуу" иши боюнча сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган.

Бул жаңылыкты Навальная: "Чет өлкөлүк агент, кылмыш ишин козгоо, анан камакка алуубу? Бул тууралуу жазганда, башкысы Владимир Путиндин орду да түрмөдө экенин, Гаагада, телевизору бар ыңгайлуу камерада эмес, Алексейди өлтүргөндөй камерада, ошондой эле түрмөдө экенин кошумчалаганды да унутпаңыздар", - деп социалдык тармактар аркылуу комментарийледи.

Күйөөсүнүн өлүмүнөн кийин Юлия Навальная Алексейдин ишин улантууга убада берген. Америкалык Time журналы аны дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кошкон.

Быйыл июнь айынын башында Навальнаяга жана Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору Иван Ждановго "Немис толкуну" телеканалы "Сөз эркиндиги үчүн" сыйлыгын ыйгарган.

Кремлдин, орус президенти Владимир Путиндин келишкис сынчысы катары таанылган, «Коррупцияга каршы фонд» түзгөн, 19 жылга кесилип, соңку үч жылдан бери Ямалдагы түрмөдө кармалып келген Алексей Навальный быйыл 16-февралда каза болгон. Жакындары ал киши колдуу болду деп эсептешет. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы саясатчы өзү каза болгонун билдирген. Бирок диагнозу алигүнчө ачык айтыла элек.

XS
SM
MD
LG