Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:48

АКШ Европага узак аралыкка сокку ура алчу система жайгаштырат


Узак аралыкка сокку ура алчу  Tomahawk канаттуу ракетасы.
Узак аралыкка сокку ура алчу  Tomahawk канаттуу ракетасы.

Кошмо Штаттар 2026-жылы узак аралыкка сокку ура алчу куралын Германияга жайгаштырат. Бул тууралуу маалымат Ак үйдүн сайтында жарыяланды. АКШ Европанын аймагына мындай системаларын 1980-жылдардан бери жайгаштыра элек болчу.

Маалыматка караганда, ал жакка SM-6 ракеталары, Tomahawk канаттуу ракеталары жана учурда иштелип чыгып жаткан үндүн ылдамдыгынан тез учкан ракеталар жеткирилет.

Германиянын коргоо министри Борис Писториус узакка сокк ура алчу куралдын анын өлкөсүнө жайгаштыруу боюнча макулдашуугу кубаттады.

Ал эми Орусия бул кадамга "аскердик жооп кайтарыларын" эскертти. Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Москванын жообу "катаал жана адекваттуу" болорун айтты.

"Бул кабыл алынгыс. Эгер согуштан кийинки документтерди көтөргөндө, ошол кезде кол коюлган макулдашууларга ылайык, Германиянын мындай курал-жабдыкты аймагында жайгаштырууга укугу жок",-деди Матвиенко. Ал кайсы документтердин алкагында Германиянын аймагына мындай ракеталарды жайгаштырууга тыюу салынарын тактаган жок. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва бул "жаңы оюнга аскердик жооп иштеп чыгарын" билдирди.

500 чакырымдын алыс аралыкка сокку ура алчу ракеталарга 1987-жылкы келишимдин алкагында 2019-жылга чейин тыюу салынган эле. Ал макулдашууга Американын ошол кездеги президенти Рональд Рейган жана советтик лидер Михаил Горбачев кол коюшкан. 2019-жылы АКШ Москва макулдашууну бузуп жатканын айтып, андан чыгып кеткен. Вашингтон буга Орусиянын 9М729 канаттуу ракетасын иштеп чыгып жактанын жүйө келтирген.

XS
SM
MD
LG