Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:43

Боснияда Сребреница курмандыктарын эскерүүгө миңдеген адамдар катышты


1995-жылы Сребренца кыргынында курман болгон 14 кишинин жакында эле аныкталган сөөктөрүн жерге берип жатышат. 11-июль, 2024-жыл. Босния жана Герцоговина.
1995-жылы Сребренца кыргынында курман болгон 14 кишинин жакында эле аныкталган сөөктөрүн жерге берип жатышат. 11-июль, 2024-жыл. Босния жана Герцоговина.

Босния жана Герцеговинада 11-июлда Сребреница кыргынынын 29 жылдыгына арналган иш-чарага миңдеген адамдар катышты.

1995-жылы июль айында Босния сербдери Сребреница шаарында cегиз миңдей мусулман эркектер менен балдарды кырып салган.

Бул кандуу каргашаны эки эл аралык сот, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясы геноцид деп тааныган.

Быйыл кыргындын жакында эле аныкталган 14 курмандыгынын сөөк калдыктары бүгүн Поточари мемориалдык борборунда кайра көмүлдү. Ал жакта 1995-жылы өлтүрүлгөн 6750дөй кишинин сөөгү коюлган. Калгандарын тактоо, издөө иштери ушул күнгө чейин уланып келет.

Быйыл майда БУУнун Башкы Ассамблеясы 11-июлду Сребреницадагы геноцид курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыялаган. Германия менен Руанда 32 мамлекет менен кошо сунуштаган бул резолюциянын жактырылышына Сербия жана босниялык сербдер каршы чыгышкан.

Сребреницадагы окуяларга байланыштуу аскердик кылмыштарга жана геноцидге айыпталып 50дөй киши узак жылдарга кесилген. Босниялык сербдердин мурдагы талаа командири Ратко Младовичти Гаагадагы эл аралык трибунал 2017-жылы адамзатка каршы аскердик кылмыштарга жана кыргынга күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

XS
SM
MD
LG