Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору кармалды

Кармалган ректордун жана окутуучулардын жанынан алынган акча каражатын текшерүү учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору 100 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 5-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы окуу жайдын Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү имаратынын бөлүгүн ижарага алуу келишимин узартуу үчүн талап кылган.

Ректор 1000 АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттардын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалган. Ошондой эле акча каражаттарын которууда ортомчу болгон М.Ч.А жана Б.К.Т. аттуу академиянын окутуучулары да кармалышкан.

Кармалган адамдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Факт боюнча 4-июлда кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын сайтында көрсөтүлгөндөй, окуу жайдын ректору Саитдин Азизбаев. Ал академияны 2021-жылдан бери жетектеп келген. (ErN)

Дагы караңыз

Бишкектин көчөлөрүнөн 100 жарнама такталары алындыБШК эки округдагы шайлоодо Тыналиев менен Салымбековду жеңүүчү деп тапты11 журналисттин иши боюнча соттук кароо уландыМосквада кармалган кыргызстандык аялдын иши тергелип бүттү Чет элдик экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө паспорт алууга көмөктөшкөн адамдар кармалдыДепутат Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чырдашканын ырастады