Бишкектин көчөлөрүнөн 100 жарнама такталары алынды

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен жарнама тактаны алуу учуру.

Бишкек шаарында көчөлөрдөн 100 жарнама такталары алынды. Бул тууралуу калаа бийлигинин басма сөз кызматы билдирип, ишкерлерден темир жарнама такталарды өз ыктыяры менен да алууну суранды.

Президент Садыр Жапаров 18-июнда шаар бийлигине Бишкектеги жарнама такталарын заман талабына ылайыктап, өзгөртүүнү тапшырган. Мамлекет башчы шаардагы темир жарнама такталарын толугу менен алууга 31-августка чейин убакыт берген.

Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жарнама такталары жол кыймылына тоскоолдук кылары айтылып, буга чейин бир катар борбордук көчөлөрдөн алынган.

Жарнама такталарын ишкерлер андан тышкары шайлоо учурунда саясатчылар менен партиялар үгүт иштери үчүн да пайдаланып келет. (BTo)

Дагы караңыз

11 журналисттин иши боюнча соттук кароо уландыМосквада кармалган кыргызстандык аялдын иши тергелип бүттү Чет элдик экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө паспорт алууга көмөктөшкөн адамдар кармалдыДепутат Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чырдашканын ырастады4-июль: Кыргызстанда эки судья кармалды, Газада сүйлөшүү башталды