Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:58

4-июль: Кыргызстанда эки судья кармалды, Газада сүйлөшүү башталды


Чүй облустук сотунун кармалган судьяларынын бири, 4-июль, 2024-жыл
Чүй облустук сотунун кармалган судьяларынын бири, 4-июль, 2024-жыл

4-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 19-августка чейин камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, атайын кызмат кармаган Жоомарт Карабаевди 19-августка чейин камакка алды. Бул тууралуу ага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. Маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастап, сот мындай чечимди 3-июлда кабыл алганын кабарлады.

Сотто төрт журналисттин бөгөт чарасы каралбай, алар камакта калды

Бишкек шаардык соту дээрлик жарым жылга чукул абакта отурган журналисттердин төртөөнүн бөгөт чарасы боюнча адвокаттардын арызын карады. Судья тергөө абагында отурган төрт кабарчы - “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, кызматкери Азамат Ишенбековдун, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровдун жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын бөгөт чарасын кароо боюнча адвокаттын арызын караган жок. Адвокат Улан Сатыбеков журналисттерге билдиргендей, Ленин райондук сотунда 7-июнда өткөн баштапкы соттук угууда шектүүлөрдүн камак мөөнөтүн 8-августка чейин узарткан. Жактоочулар буга каршы шаардык сотко арыз беришкен.

Израил жана ХАМАС сүйлөшүүлөр кайрадан уланганын билдирди

Израил жана ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) Газадагы атышууну токтотуунун шарттары тууралуу ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөр кайрадан уланганын билдирип жатышат. Бул жөнүндө бүгүн 4-июлда бир катар маалымат агенттиктери жазышты. Согуш 2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Израилдин аймагына кол салганда башталган.

Жапаров: Кыргызстан палестин-израил маселесинде “эки элге эки мамлекет” принцибин колдойт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынында Ооганстандагы жана Газа секторундагы жаңжалдар тууралуу да билдирүү жасады. “Кыргызстан БУУнун резолюциясына ылайык “эки элге эки мамлекет” принцибинин негизинде палестин-израил жаңжалын тынчтык жол менен жөнгө салууну жана саясий диалогдун башталышын кубаттайт”, – деди Садыр Жапаров жыйында. Ошондой эле Кыргызстандын лидери ачык экономиканы калыптандыруу жана көп тараптуу соода системасын бекемдөө максатында ШКУнун бардык мейкиндигинде соода тоскоолдуктарын кыскартуу боюнча ишти улантууга чакырды.

Киев Орусиянын дрон "толкунун" токтотуп калганын билдирди, Днепр аза күтүүдө

Украинанын аскердик жетекчилиги борбор калаа Киевге багытталган орусиялык согуштук дрондордун жаңы «толкунун» токтотуп калууга үлгүргөнүн билдирди. Адамдар жабыркаган же кыйроолор тууралуу маалымат жок. Ал тапта Киевден дээрлик 500 чакырым аралыкта, өлкөнүн борбордук аймагында жайгашкан, согушка чейнки калкынын саны 1 миллионго чукул болгон ири шаар Днепрде аза күтүштү. Соңку беш күндө бул шаар үч күн бою ракеталык чабуулга кабылды. 3-июлдагы соккудан каза болгондор алты киши экенин, дагы 30 киши жараат алганын калаанын аскердик администрациясы билдирди.

МАГАТЭ Запорожье АЭСинин коопсуздугу тууралуу эскертти

Украинага таандык, бирок азыркы тапта Орусия башкарып жаткан Запорожье атомдук электр станциясына (ЗАЭС) дрон чабуулу токтотулушу керектигин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Гросси эскертти. Бул тууралуу ал станцияны басып алып, учурда башкарып турган орус тараптын бул маанилүү объектиге сокку урулганы жана сегиз кызматкери жараат алганы тууралуу 3-июлдагы билдирүүсүнөн кийин айтты.

Москвада кармалган кыргызстандык келиндин баласы туугандарына берилди

Москвада жердештерин батирине чогуу жашатып алганы үчүн "Мыйзамсыз миграция уюштурууга" айыпталып кармалган кыргызстандык келиндин балдар үйүнө алынган 1,5 жашар баласы туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу келиндин адвокаты Эрлан Токтосунов "Азаттыкка" билдирди. "Азаттык" Москвада полиция кыргызстандык келинди "Мыйзамсыз миграция уюштурууга" айыптап кармап, анын 1,5 жашар наристесин балдар үйүнө алып койгонун 26-июнда жазган.

Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

Судьялар кеңеши Чүй облустук сотунун судьялары Тилек Абдырашитовду жана Улукбек Калыбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды. Атайын кызматтын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, судьялардын бири кармоо учурунда тергөө органдарынан качууга аракет кылып, өзүнүн кызматтык автоунаасы менен кырсыкка кабылган. УКМК кабарлагандай, тергөөдө аталган судьялар катчысы аркылуу М.Н аттуу соттолуучудан актоо өкүмүн чыгарып берем деп 10 миң АКШ долларын талап кылган. Соттолуучу сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин катчысы аркылуу эркинен ажыратпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң доллар талап кылган. Атайын кызмат ал акчаны кызматкерлер бөлүп алган деп билдирди. Азырынча кармалгандардын адвокаттары комментарий бере элек.

"Талибан" ооган аялдарын чектеген чечиминен баш тартпайт

“Талибан” кыймылы Ооганстанда кыз-келиндердин жүрүм-туруму жана билим алуусу боюнча чектөөлөрүнөн баш тартпайт. Бул тууралуу Ооганстан боюнча өткөн эл аралык жыйындын жыйынтыгы тууралуу Кабулдагы маалымат жыйында кыймылдын өкүлү Забиулла Мужахид билдирди. Катардын борбор шаары Дохада 30-июндан 1-июлга чейин өткөн конференцияны Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) уюштурган. Мындай жыйындарды БУУ 2021-жылдан бери өткөрүп келе жатат. Бул жолкусуна “Талибан” өкүлдөрү биринчи жолу катышты.

Ноокат шайлоо округу: беш тилкедеги добуштар кайра саналат

№5 Ноокат шайлоо округунан талапкерлер Артыкбай Абдивалиев, Санжарбек Төлөнбаев, Касымбек Кыланов, Элдар Кудайбердиев жана Бакытбек Ажыгулов Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышты. Алар шайлоо күнү Ноокатта 30 мүнөт электр жарыгы өчүп калганын, бул шайлоо жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн экенин билдиришкен. 3-июлда Борбордук шайлоо комиссиясында талапкерлердин арызы каралып, №5385, №5401, №5452, №5400, №5380 шайлоо тилкелеринде добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынды.

УКМК Көлбаевдин жакындарына өтүп кеткен 1 гектар жерди мамлекетке кайтарды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын операция маалында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун кыймылсыз мүлктөрүн конфискациялоо боюнча активдүү иштерди улантып, ал менчиктештирип алган жер тилкесин мамлекетке кайтарганын билдирди. Көлбаев былтыр 4-октябрда Улуттук коопсуздук комитетинин операциясы маалында жок кылынган.

Ошто Ооганстандан келген суусундуктар сатыктан алына баштады

Ош шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Golden life (“Золотая жизнь”) аталышындагы суусундуктарды калаадагы соода түйүндөрүнөн сатыктан ала баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Ооганстандан чыгарылган аталган суусундук “балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген азорубин – Е 122 боёгун камтыйт” деп табылган.

Баткенде гараждык кооперативдин 3 гектар жери мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жеке менчикке мыйзамсыз берилген мүлктөрдү жана жер тилкелерин аныктоо иштеринин алкагында Баткен облусунун Баткен районундагы гараждык кооперативди мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди. Маалыматта айтылгандай, А.Б. аттуу жаран жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси болуп туруп, 2005-жылы Самаркандек айыл өкмөтүнүн токтомун жасалма кылып, ушул аймакта жайгашкан 3 гектар гараждык кооперативди жеке менчикке өткөрүп алганы аныкталган.

Улуу Британияда парламенттик шайлоо өтүп жатат

Улуу Британияда парламенттик шайлоо өтүп жатат, анын жыйынтыгында солчул-борборчул Лейбористтер партиясы Өкүлдөр палатасында басымдуу көпчүлүккө ээ болуп, жаңы өкмөт куроо укугун алышы мүмкүн деп болжолдонууда. Дээрлик бардык баштапкы сурамжылоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, Улуу Британияны 14 жылдан бери башкарып келе жаткан консерваторлор бул жолу 650 орундун 100үнөн көбүн ала албай калышы ыктымал. Азыркы тапта аларда 345 депутаттык орун бар. Би-би-си жазгандай, лейбористтер 400дөн көп орунга ээ болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG