Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын кызматкерлери биргеликте Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн учурда Бангладеш Республикасынын 11 жаранын кармашты. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Чет элдиктер Өзбекстанга иштегени келип, ал жакта жумуш таппай Кыргызстанга өтүүнү чечишкен. Аларды алып өтүүнү уюштурган Кыргызстандын бир жараны кармалды.
Учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
УКМК билдиргендей, 21-майда да Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жана Сейдикум айылында да Бангладеш Республикасынын 46 жараны кармалган. Алар да миграциялык мыйзамдардын талаптарын эске албай, өлкө аймагында мыйзамсыз эмгектенишкен.
Кармалган чет элдиктерге карата административдик протоколдор түзүлүп, аларды Кыргызстандын аймагынан чыгаруу маселеси сот органдары карап жатат.
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин 27-майдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, 2023-жылдан бери Кыргызстанда 29 миң 846 чет өлкөлүк жарандын мыйзамсыз жүргөнү аныкталганин билдирген.
Быйыл 13-майда Бишкекте Египеттин жарандары менен Кыргызстандын жарандары мушташып, анын видеосу 17-майда интернетке тарап кеткен. Ошол түнү Бишкекте жергиликтүү жаштар чогулуп, ар кайсы жерлерде Индиянын, Бангладештин жана Пакистандын жарандарына сабап салышкан.
Окуялардан кеминде 49 киши жабыркаган. 13 киши кылмышка шектүү катары аныкталып, кармалган. Алардын ичинен төртөө Египеттин, калган жети адам Кыргызстандын жарандары. (ErN)
Дагы караңыз
Кыргызстан менен Швейцариянын тышкы иштер министрлери Тоо саммити жөнүндө сүйлөштүМугалим болууга тыюу салган оорулардын тизмеси талкууга коюлдуКыргызстан эки жарым айда селден 170 миллион сомдон ашуун зыян тарттыЗулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кеттиЕвропа чемпионаты: чейрек финалга өткөн курамалар аныкталдыКараколдо мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды"Кыргызнефтетрейдерлер": Вагондордун жаңы тобу келди, автогаз тартыштыгы жоюлатУлуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаев кармалды“Аккула” ат майданын сатуу боюнча экинчи аукцион 11-июлга белгиленди