Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:26

Зулушев Көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетти


Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

Курманкул Зулушев өз каалоосу менен Кыргызстандын көк бөрү федерациясынын президенттигинен кетип, анын ордуна Айбек Абылкасымовдун талапкерлиги сунушталды.

Курманкул Зулушев бул орунга 19-апрелде келген. Ал июнь айынын башында башкы прокурор кызматынан да кеткен.

54 жаштагы Курманкул Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген.

2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

2023-жылдын 13-августунан бери эл аралык Көк бөрү федерациясын жетектеп келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG