Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:57

Европа чемпионаты: чейрек финалга өткөн курамалар аныкталды


Нидерланддар Румыниянын ири эсепте утуп (3:0) чейрек финалга өттү.
Нидерланддар Румыниянын ири эсепте утуп (3:0) чейрек финалга өттү.

Футбол боюнча Европа чемпионатынын плей-офф баскычынынын (1/8 финал) оюндары жыйынтыкталып, чейрек финалга сегиз улуттук курама команда өттү. Чейрек финалдын оюндары 5-июлда башталат.

1/8 финалдын күтүүсүз жыйынтыгын Түркия курамасы көрсөттү. Бул жолку чемпионатта көпчүлүк футбол эксперттери Австриянын оюндарын жогору баалап, "кийинки баскычка өтөт" деген божомолун айтып жатышкан. Бирок түрк курамасы коргоочу Демиралдын эки голу менен Австрияны утуп алды (2:1). Ал эми Нидерланддар Румыниянын ири эсепте утуп (3:0) чейрек финалга өттү. Чейрек финалда ушул эки курама бет келет.

Чемпионаттагы фавориттердин бири саналган Португалия атаандашы Словенияны пенальтилер сериясында гана ута алды. Португалиянын дарбазачысы Диогу Кошта беттештин мыкты оюнчусу болду. Франция 1/8 финалда Бельгияны 1:0 эсеби менен жеңди. Алдыдагы чейрек финалда Франция менен Португалия беттешет.

Плей-оффтун дагы бир сенсациясы Швейцария болду. Алар Европанын учурдагы чемпиону Италия курамасын 2:0 эсеби менен утуп, кийинки баскычка өттү. Чейрек финалдагы атаандаштар:

  • Испания – Германия (5-июль, саат 22:00)
  • Португалия – Франция (6-июль, саат 01:00)
  • Англия – Швейцария (6-июль, саат 22:00)
  • Нидерланддар -Түркия (7-июль, саат 01:00)

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Чемпионатка биринчи жолу 24 өлкөнүн курама командасы катышты.

Жарым финалдык беттештер 9-10-июлга белгиленген. Финалдык оюн 14-июлда өтөт. (АbA)

XS
SM
MD
LG