Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:17

Караколдо мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды


Караколдо мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемесинин окуучулары. УКМК тараткан сүрөт.
Караколдо мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемесинин окуучулары. УКМК тараткан сүрөт.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Көрсөтүлгөн диний мекеме дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өтпөстөн жана дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдан уруксат документтери жок иш жүргүзүп келген.

Текшерүү учурунда ал жерде үч мугалим иштеп жатканы жана 35тен ашык жашы жете элек балдар билим алып жатканы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен диний билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, алдын алуу чаралары көрүлдү.

УКМК 21-июнда Баткенде "Мариям" аталышындагы диний лагер атайын каттоосу жок ишмердигин жүргүзүп жаткандыгы аныктаган. Атайын кызмат 13-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айыл аймагында медресе мыйзамсыз иштеп жатканын аныктап, ишмердүүлүгүн токтоткон.

УКМК Кыргызстандын бардык жарандарына балдарды ар кандай диний мекемелерге, анын ичинен диний лагерлерге жөнөтүүдөн мурда, ошол диний мекеме Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштеп жаткандыгын текшерүүнү эскертет. (ErN)

XS
SM
MD
LG