Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

"Кыргызнефтетрейдерлер": Вагондордун жаңы тобу келди, автогаз тартыштыгы жоюлат


Газ куюучу бекеттердеги кезек.
Газ куюучу бекеттердеги кезек.

"Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясы Кыргызстандагы соңку автогаз тартыштыгынын фонунда Орусиядан ал затты жүктөп, жолго чыккан вагондордун алгачкы бөлүгү 3-июлга караган түнү Бишкекке келип түшкөнүн билдирди.

Ассоциациянын президенти Канат Эшатов "Азаттыкка" ырастагандай, жаңы партия бир компанияга таандык. Ишкана автогаздардын топтомун түнү менен жана бүгүн күндүз май куюучу бекеттерине таратып жатат.

Эшатов түшүндүргөндөй, адатта автогаз жүктөлгөн 20-30 вагон бир келет. Ар кайсы компанияларда буюртмасына ылайык ар кандай көлөмдө болот.

"Кыргызнефтетрейдерлер" бирикмесинин жетекчиси ушул тапта Бишкектеги автогаз бекеттеринде тартыштык дээрлик жоюлганын белгилеп, Орусиядан жөнөгөн жүк толук келсе дефицит болбой каларын белгиледи.

25-июндан бери Бишкектеги ири май куюучу жайлардын айрымдарында газ тартыштыгы жаралган. Май бекеттердин кээлеринде көгүлтүр отун таптакыр калбай калса, калгандарында автоунаалардын кезеги узарган. Ушул күндөрү көпчүлүк жерлерде күндүз газ куюлбай, негизинен түнкүсүн куюлуп жатат. Кезек азайганы менен дале бар.

"Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясы муну сезондук боло жүргөн көрүнүш деп сыпаттап, буга газ ташуучу вагондордун жетишсиздиги негиз болгонун билдирген. Уюм мындан сырткары Казакстан газ экспорттоого тыюу салгандан улам кыргызстандык компаниялар Орусиядан гана ташып келип жатканын, автогаз тартыштыгы айрым ишканаларда гана байкалып жатканын тактаган.

"Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда жалаң автогаз менен жүргөн машинелердин саны жалпы унаалардын 10% жетпейт. 90% ашуун машине күйүүчү май менен жүрөт.

Бишкек шаарында былтыр алынган миңден ашуун автобустун баары газ менен жүрөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 1-июнга карата борбордо 416 миң 837 автоунаа катталган. Мындан тышкары шаарга кирип-чыккан унаалар менен кошо Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт жүрөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG