Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:45

Кыргызстан менен Швейцариянын тышкы иштер министрлери Тоо саммити жөнүндө сүйлөштү


Иньяцио Кассис жана Жээнбек Кулубаев. 3-июль, 2024-жыл.
Иньяцио Кассис жана Жээнбек Кулубаев. 3-июль, 2024-жыл.

3-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөгө расмий сапар менен келген Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жолукту. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди.

Жолугушунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер, анын ичинде саясий, экономикалык, инвестиция боюнча да талкуу болду.

Министрлер эки өлкөнүн ортосундагы соңку жылдардагы соода-экономикалык кызматташтыкты өзгөчө белгилешип, Кыргызстандын эсеби боюнча 2023-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсу 1 миллиард долларды түзгөнүн айтышты. Бишкек Швейцарияга негизинен алтын экспорттойт.

Экономикалык кызматташтыкты өз ара өнүктүрүү максатында 2025-жылы Кыргызстанда же Швейцарияда кыргыз-швейцариялык өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 5 жыйынын өткөрүү пландалды.

“Кыргызстан менен Швейцария тоолуу өлкө болгондуктан тоолорду өнүктүрүү боюнча демилгелерди биргелешип, чогуу иштөөнү сүйлөштүк. Экинчи Тоо саммитин 2027-жылы Бишкекте өткөрүү пландалууда. Буга байланыштуу биз Швейцария тарапты биргелешип уюштурууну карап чыгууга үндөдүк. Швейцария менен Кыргызстандын ортосунда эч кандай талаш маселе жок. Биздин саясий соода-экономикалык мамилелерибиз жана ошондой эле башка бардык тармактардагы өз ара байланышыбыз динамикалуу түрдө өнүгүп жатат деп ишенем”, – деди тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында.

Швейцариянын министри Иньяцио Кассис 7 жылдык ишинде Кыргызстанга биринчи жолу келгенин айтты.

“Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы өнөктөштүк бар, болуп турган жана келечекте да өнүгө берет. 2025-2028-жылдары бул өнөктөштүктүн негизги приоритеттери – суу, гидроэнергетика маселеси, жергиликтүү башкаруу системасы жана апааттарды алдын алуу тармактары болуп эсептелет”, – деди Иньяцио Кассис.

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис 2-июлдун кечинде Кыргызстанга расмий сапар менен учуп келди. Аны президент Садыр Жапаров кабыл алары күтүлүүдө.

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылдан тартып түзүлгөн. 1996-жылы Бишкекте Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин кеңсеси ачылса, Кыргызстан ошол эле жылы Швейцарияда элчилик ачкан. Швейцария болсо Бишкекте 2012-жылы элчилик уюштурган.

Швейцария Конфедерациясынын Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө Тышкы иштер федералдык департаменти деп аталат. (AsK\ErN)

XS
SM
MD
LG