Эл аралык Сейсмикалык эскертүү системасынын маалыматына ылайык, 2-июлда, саат 16:17де Кыргызстандын Чүй облусунун аймагында магнитудасы 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү эл жашаган аймактарда сезилген эмес.
Сейсмология институту тактоо иштерин жүргүзүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кошумча маалымат берилерин кабарлады.
28-июнь күнү саат 15:18те күчү 3,5 баллдык жер титирөө Бишкекте катталган. 22-июнда очогундагы магнитудасы 4,4 баллга жеткен жер титирөө Ысык-Ата районунан 8 чакырым алыс аймакта болгону кабарланган.
Аталган институт 21-июнда Ысык-Көл облусунун аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун маалымдаган.
19-июнда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.
23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүүнүн толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да катуу сезилген. (ZKo)
Дагы караңыз
ӨКМ сел боюнча сунуштар аткарылбай калган учурлар бар экенин билдирдиЖарым жылда Бишкекте 192 адам чыгырыктан жаракат алдыОрбан Украинадагы согуш боюнча сунушун айттыБишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу сентябрдын аягына чейин узартылдыБишкекте Жети-Суу өрөөнүнүн тарыхын талдаган жыйын башталды