Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Орбан Украинадагы согуш боюнча сунушун айтты


Виктор Орбан жана Владимир Зеленский. 2024-жылдын 2-июлу.
Виктор Орбан жана Владимир Зеленский. 2024-жылдын 2-июлу.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн 2-июлда Киевге барды.

Өз сөзүндө Орбан согушту токтотуу боюнча Зеленский сунуштап жаткан жол көп убакытты талап кыларын айтканын, ошондуктан ал атышууну токтотуп, андан кийин гана сүйлөшүү баштоого чакырганын украин жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жатышат.

Украин президенти буга чейинки билдирүүлөрүндө биринчи кезекте Орусия Украинанын аймагынан аскерлерин чыгарып кетиши керектигин, согуш кылмышкерлерин жазалоо жана орус бийлигин компенсация төлөтүү зарылдыгын айткан.

Орусия президенти Владимир Путин согуш орус аскерлери басып алууга аракет кылып жаткан украин аймактарынан Киев баш тартса токтой турганын билдирген.

Украина жана аны колдогон Батыш азыркы тапта кандай гана тыныгуу болбосун, Орусияга пайда алып келерин, себеби ал кийинки чабуулдарына күч топтоп алууга мүмкүнчүлүк аларын айтып келишет.

Украина эгемен өлкөгө кол салып, адамдарын өлтүрүп, жерлерин басып алып жаткан коңшу мамлекет менен эмне кеп болушу мүмкүн деген да суроо коюуда жана аны алсыратып, агрессияга чамасы келбей калгыдай абалга жеткирүү гана туура болорун айтууда.

Бул Орбандын Орусия Украинага каршы согуш баштагандан бери алгачкы жолу барышы. 2022-жылдын 24-февралынан бери Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин баарынын лидерлери Украинага барып кетишкен, Киев Орбанды да чакырганы менен ал өзү барбай, министрлерин гана жөнөтүп жүргөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG