Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:29

ӨКМ сел боюнча сунуштар аткарылбай калган учурлар бар экенин билдирди


Абшыр-Атадагы элди куткаруу учуру. Июнь, 2024-жыл.
Абшыр-Атадагы элди куткаруу учуру. Июнь, 2024-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый кырсыктардын, анын ичинде селдин алдын алуу үчүн шашылыш эскертүүлөрдү берип келатканын, бирок айрым жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ага көңүл бурбай турганын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов 2-июлда "Азаттыктын" "Арай көз чарай" программасына катышкан учурда айтты:

"Тилекке каршы бизде айрым жергиликтүү бийликтер эскертүүлөрүбүздү, божомол тууралуу маалыматтарды кулак сыртынан кетирип, кайдыгер мамиле жасашат. Кесепети кечээ акыркы болгон окуялар болуп жатат. Шашылыш билдирүүлөр берилген соң, жарандарыбыз да Абшыр-Ата сыяктуу тоолуу, кооптуу жайларга баруудан карманып, жолго чыгарда ойлонуп, кадам ташташса", - деди Мазарипов.

Программанын дагы бир катышуучусу, Жерди иликтөө боюнча Борбор Азия институтунун директору, геология-минералогия илимдеринин кандидаты Болот Молдобековдун айтымында, сел, кыян мурда жүрүп келген жерлерден кайра эле жүрүп жатканын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, көпүрөлөрдүн көбү, коргоочу каражаттар узак жыл мурда курулган, эски эсептер менен тургузулган. Мунун баарын кайрадан эсептеп, жаңылап куруу керек.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда быйылкы жылы өлкөдө 250 сел катталды. Анын эң көбү - 71 учур Ош облусунда, андан кийин Баткен облусунда -66, Жалал-Абадда - 61, Талас облусунда -13, Ош шаарында -6, Нарын облусунда -5 учур.

Апрелден июлга чейинки убакта селден 17 адам набыт болду, он чактысы жашы жете элек балдар.

Селдин кесепетинен баштапкы маалыматтар боюнча, мамлекетке жалпы 172 млн 956 миң сом зыян келтирилген. Чыгымдарды эсептөө уланууда.

28-июнда Ноокатта жүргөн селден 10 адам каза болгон. 30-июнда Кара-Кулжада 4 адам селге агып набыт болду.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG