Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюу сентябрдын аягына чейин узартылды


Бишкектеги акциялардын бири. Архив сүрөт.
Бишкектеги акциялардын бири. Архив сүрөт.

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылып, 30-сентябрга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу 2-июлда Бишкектин Биринчи май районунун администрациясы билдирди.

Райондун администрациясы тиешелүү өтүнүч менен сотко кайрылып, ал 28-июнда канааттандырылган.

Сот мындан мурда акимияттын ушундай өтүнүчүн 29-мартта карап, чектөөнү 1-апрелден 30-июнга чейин узарткан эле.

Митингдерди Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында жана анын жанындагы Турсунбаева атындагы бакчада өткөрүүгө болбойт.

Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлерде, Ички иштер министрлигинин алдында да тынч жыйындарды өткөрүүгө чектөө киргизилген.

Бул чектөө 2022-жылы март айында эле кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам узартылып келе жатат.

Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму дүйнөдөгү 2023-жылдагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында Кыргызстанда жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу бузулуп, 2022-жылы Бишкектин борбордук аянттарында акция өткөрүүгө салынган тыюу утур-утур узартылып келатканын билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG