Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:12

Бишкекте Жети-Суу өрөөнүнүн тарыхын талдаган жыйын башталды


“Жети-Суу глобалдык өзгөрүүлөр доорунда (XIX кылымдын ортосу – XX кылымдын башы)” деп аталган илимий жыйын. Бишкек, Кыргызстан. 2-июль, 2024-жыл.
“Жети-Суу глобалдык өзгөрүүлөр доорунда (XIX кылымдын ортосу – XX кылымдын башы)” деп аталган илимий жыйын. Бишкек, Кыргызстан. 2-июль, 2024-жыл.

2-июлда Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Жети-Суу глобалдык өзгөрүүлөр доорунда (XIX кылымдын ортосу – XX кылымдын башы)” деп аталган эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын башталды. Бул тууралуу “Кыргыз тарых коому” кабарлады.

Жыйында Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын, Франциянын, Венгриянын жана башка өлкөлөрдүн окумуштуулары аталган тарыхый өрөөндүн Орусия Империясынын тушундагы, кийин СССР түзүлгөн маалдагы саясий-социалдык турмушу, түзүлүшү, аймактагы адамдардын жашоосу жана башка жагдайлары тууралуу талкуу жүргүзүүдө. Илимпоздор секцияларда баяндама жасап жатат.

2-июлда башталган жыйын 3-июлда да уланат. Окумуштуулар анын алкагында Чүй облусундагы “Бурана” архитектуралык-археологиялык комплексине да барышат.

Бул илимий шерине Кара-Кыргыз авоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган.

Жети-Суу – Борбор Азиядагы тарыхый-географиялык аймак. Ага азыркы Казакстандын Жети-Суу, Алматы облустары, Жамбыл облусунун бир бөлүгү жана Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустары туура келет.

Окумуштуулардын пикиринде, бул термин аталган аймактагы жети өзөндөн улам келип чыккан. Орусия Империясы чөлкөмдү багынткан соң, 1867-жылы “Семиреченская” деп аталган облус түзүп, Верный шаарын (азыркы Алматы) анын административдик борбору кылып бекиткен. 1918-жылы революциядан кийин чөлкөм Түркстан АССРине карап, 1922-жылдан тартып Жети-Суу облусу деп аталып калган.

1924-жылкы улуттук-аймактык бөлүштүрүүдөн соң Жети-Суу облусунун бир бөлүгү Кыргыз автономдук облусуна (1924-жылы Кыргыз АССРи деп аталып, 1925-жылы Казак АССРи деп өзгөртүлгөн), бир бөлүгү Кара-Кыргыз автономдук облусуна берилген.

Орусия Советтик Федеративдик Социалисттик Республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономдук облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган. Аталган түзүм 1926-жылы Кыргыз АССРи деп өзгөртүлүп, 1936-жылдан тартып Кыргыз ССРи болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG