2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 200,3 млн доллар түз инвестиция келди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети алгачкы үч айдын жыйынтыгына байланыштуу маалыматтарында жарыялады.
Келген инвестициянын көлөмү былтыркы жылдын биринчи кварталындагы көрсөткүчкө караганда 17,2%га көп.
Ошол эле маалда быйыл январь-февраль-март айларында Кыргызстандан 100,1 млн доллар түз инвестиция чыгарылып кеткен. Бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 10,7%га жогору.
2023-жылы Кыргызстанга 844 млн 895,7 миң доллар түз инвестиция келген жана 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 30%га кыскарган. Былтыр ошондой эле 685 млн 697,3 доллар көлөмүндөгү тикелей инвестиция чыгарылып кеткен жана ал сумма мурдагы жылга салыштырмалуу 40%га азайган.
Быйыл 19-июнда президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондун түзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.
Фонд мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун наркынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана капиталдын жергиликтүү жана эл аралык рыногуна чыгуу жолу менен инвестицияларды тартуу максатында уюштурулат.
Президенттин сайтындагы маалыматта Улуттук инвестициялык фонд чет жактан инвестицияларды тартып, ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу менен алектенери айтылган. Кабарда фонд кайсы компанияларды башкарары жана кайсы долбоорлорду ишке ашырары так көрсөтүлгөн эмес. (ErN)
Дагы караңыз
Сот Аскат Жетигенди 3 жылга абакка кестиПрезидент медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу жөнүндө жарлык чыгардыПрокуратура Кемпир-Абад иши боюнча шаардык сотко апелляциялык сунуш берди Ноокенде өспүрүм башкарган машине сууга түшүп кетип, анын үч теңтушу каза болдуКара-Кулжа районунда сел төрт адамды агызып кетти Ноокат: селден улам урап калган көпүрө тазаланууда, убактылуу айланма жол ачылды