Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Сот Аскат Жетигенди 3 жылга абакка кести


Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотунда.
Аскат Жетиген Бишкектин Свердлов райондук сотунда.

1-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жолдошбек Сулайманов акын жана активист Аскат Жетигендин иши боюнча чечим чыгарды.

"Азаттыктын" отурумга катышып жаткан кабарчысы билдиргендей, судья аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен "күнөөлүү" деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыратты. Экинчи 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча сот активистти актады.

Мунун алдында Аскат Жетиген акыркы сөзүн сүйлөп, коюлган айыптарды четке каккан. Ал “социалдык тармактардагы баракчасына жарыялаган кайрылууларында элди бийликти басып алууга жана массалык башаламандыктарга чакырбаганын” кайталады.

“Мен ал жакта (ред: социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеолордо) адепсиздик кылгам. Ал үчүн элден кечирим сурайм. Бирок ал сөздөр Кылмыш-жаза кодекси менен чара көрүүгө туура келбейт. Административдик-процесстик кодекс менен айып салынып бүтө турган иш”, - деген активист.

Прокурор Аскат Жетигенди "күнөөлүү" деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен төрт жыл, “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси менен алты жыл чегерип, жалпы сегиз жылга абакка кесүүнү сураган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Аскат Жетигенди алгач 16-мартта Кочкор районунан кармап, Бишкек шаарына алып келген. Коомдо анын кармалышы катуу талкууланып, бошотуу талабы коюлган. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

20-мартта УКМК Аскат Жетигенге дагы бир иш козгогон. Ушул эле күнү Биринчи май райондук соту аны Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган.

Аскат Жетигенге эки кылмыш иши ачылган: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Ал буга чейинки соттук отурумдарда 20-мартта соттун камакка алуу чечиминен кийин “УКМКнын Бишкек шаардык бөлүмүндө кыйноого кабылганын” айткан.

Аскат Жетиген - ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, желекти өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG