Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

Президент медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу жөнүндө жарлык чыгарды


Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу жөнүндө жарлыкка кол коюп жаткан учуру. Президенттин администрациясы тараткан сүрөт.
Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу жөнүндө жарлыкка кол коюп жаткан учуру. Президенттин администрациясы тараткан сүрөт.

Президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин маянасын жогорулатуу боюнча кеңешмеде “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайты кабарлады.

Жарлык өлкөдөгү медицина жана саламаттыкты сактоо уюмдарында иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө системасын жакшыртуу максатын көздөйт.

Президент белгилегендей, жарлыкка ылайык 1-сентябрдан тарта дарыгерлер персоналынын маяналары 50%га чейин, орто медициналык персоналдын маяналары 20%га чейин, кенже тейлөөчү персоналдын, ошондой эле тез жардам кызматынын айдоочуларын маяналары 10%га чейин жогорулатылат.

Садыр Жапаров мисал катары, мурда өлкөнүн алыскы аймактарында иштеген жалпы хирург 20 миң 136 сом маяна алса, эми айлыгы көтөрүлүп 50 миң 205 сом алып каларын билдирди. Ал ырастагандай, 35 миң 481 сом алган анестезиолог, реаниматолог, айлыгы көтөрүлүп 73 миң 222 сом ала баштайт. 32 миң 474 сом айлык алган педиатр 1-сентябрдан тарта 68 миң 709 сом алат.

Президент алыскы аймактарда саламаттыкты сактоонун деңгээлин жогорулатуу максатында 1-июлдан тартып жаш адистерге айлык акысына кошумча стипендия берүү жана дарыгерлердин депозитинин көлөмүн көбөйтүү маселеси чечилгенин белгиледи.

Буга чейин клиникалык ординатордун стипендиясы 1 миң 200 сом болсо, 1-июлдан тарта стипендиянын суммасы 20 миң сомду түзөт.

Кеңешмеде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка өлкөлөргө салыштырмалуу өлкөдө 10 миң адамга 17,5% дарыгерлер туура келерин билдирип, ошого байланыштуу эмгек акы төлөө системасын жогорулатуу зарылдыгы бышып жетилгенин айтты.

Президенттин сайтындагы маалыматта аталган кеңешме кайсы күнү өткөнү жазылган эмес.

Саламаттык сактоо министрлиги 2023-жылдын июль айында берген маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 13 миң 775 жогорку билимдүү дарыгер, 33 миң 510 орто билимдүү медициналык персонал (мээрбандар жана башка адистер) иштеп турган. Андан бери системадагы штаттын саны кандай өзгөргөнү тууралуу маалымат жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG