Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Ноокат: селден улам урап калган көпүрө тазаланууда, убактылуу айланма жол ачылды


Ош-Раззаков жолунун 63-чакырымындагы селден улам ураган көпүрө. 1-июль, 2024-жыл.
Ош-Раззаков жолунун 63-чакырымындагы селден улам ураган көпүрө. 1-июль, 2024-жыл.

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы көпүрө жараксыз абалда болгондугуна байланыштуу айланма жол аркылуу эки тараптуу каттам уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 1-июлда билдирди.

Ал эми селдин кесепетинен ураган Найман көпүрөсү аркылуу каттам калыбына келе элек. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Учурда Ноокат районундагы көпүрө аркылуу жолду калыбына келтирүү жана селдин кесепеттерин жоюу иштери жасалууда.

30-июнда Ош-Раззаков жолунун 63-чакырымындагы, Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы Найман көпүрөсү урап түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Найман көпүрөсүнүн айланасы 1-июль таңга жуук тазаланып, жол ачылганын билдирген. Бул тууралуу министр Фейсбуктагы баракчасында кабарлаган. Бирок социалдык тармактардын айрым колдонуучулары көпүрөнүн калдыктары тазаланганы менен дарыядан автоунаалар өтүүчү шагылдар төшөлүп бүтө электигин жазып жатышат.

Көпүрө 30-июнда саат 20:30 чамасында урап түшүп, жол каттамы жабылган эле.

28-июнда катуу селден кийин Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Райондо сел онго жакын кишинин өмүрүн алды.

ӨКМдин куткаруучулары Абшыр-Ата эс алуу жайынан жалпы 1400гө чукул эс алуучуларды Абшыр-Ата, Кезарт, Көгарт багыттары боюнча эвакуациялады. Алардын 21и тик учак менен коопсуз жайга чыгарылган.

Куткаруу иштерине жалпы 450 адам, мындан сырткары миңдеген ыктыярчылар катышып, 1 тик учак, 85 инженердик жана атайын техника иштеди.

30-июндун кечинде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында да төрт адамды сел агызып кетти. Бул тууралуу “Азаттыка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, бир катар аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG