Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:41

Кара-Кулжа районунда сел төрт адамды агызып кетти


Селди тазалоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Селди тазалоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

30-июндун кечинде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында төрт адамды сел агызып кетти. Бул тууралуу “Азаттыка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондук бөлүмүнөн билдиришти.

Селге агып кеткендердин үчөөнүн сөөгү табылган. Бир адам дале изделип жатканы маалымдалды.

30-июнь күнү Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз айыл аймагында саат 20:00 чамасында катуу жамгыр жаап, Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Ооз тилкесинде саат 21:50 чамасында Daewoo Matiz үлгүсүндөгү (мам номери 06KG489AFT) автоунаа селдин агымына туш болуп, аны сел агызып кеткен.

Аталган унаада 5 жаран болгону кабарланды. Кырсык болгон учурда айдоочу жүргүнчүлөрдүн бирин куткарып чыгып, андан кийин унаада агып кеткендерди куткарууга шашып кеткен боюнча төрт адам агып кеткен.

28-июнда катуу жааган жамгырдан улам Ош облусунун Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Райондо сел онго жакын кишинин өмүрүн алды.

ӨКМдин куткаруучулары Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайынан жалпы 1400гө чукул эс алуучуларды Абшыр-Ата, Кезарт, Көгарт багыттары боюнча эвакуациялады. Алардын 21и тик учак менен коопсуз жайга чыгарылган.

Куткаруу иштерине жалпы 450 адам, мындан сырткары миңдеген ыктыярчылар катышып, 1 тик учак, 85 инженердик жана атайын техника иштеди.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG