Бишкекте 3 баллдык жер титирөө катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

28-июнь күнү саат 15:18те Бишкектен 30 чакырым, Кант шаарынан 10 чакырым аралыкта жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү Кантта - 3,5 балл, Бишкекте - 3 балл болду.

22-июнда очогундагы магнитудасы 4,4 баллга жеткен жер титирөө Ысык-Ата районунан 8 чакырым алыс аймакта болгону кабарланган.

Сейсмология институту 21-июнда Ысык-Көл облусунун аймагында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгонун маалымдаган.

19-июнда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда очогундагы күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.

23-январга оогон түнү саат 00:09да Кытайдын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүүнүн толкуну Казакстанда жана Кыргызстанда да катуу сезилген.(ZKo)

Дагы караңыз

ТИМ Пакистандагы мурдагы элчи Тотуяевдин дооматтарына жооп бердиГаага соту Нетаньяхуну камакка алууга ордер берүүнү кийинкиге калтырдыUnlock 2024: Жарандык активизм, сөз эркиндиги, журналисттердин коопсуздугу Кадыров терроризмге шектелгендердин жакындарын жазалоого чакырдыОрусия Украинадагы согушта былтыр 45 миң аскерин жоготкону маалым болду Иранда президенттик шайлоо өтүп жатат