Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:41

Иранда президенттик шайлоо өтүп жатат


Ирандагы шайлоо 28-июнь, 2024-жыл.
Ирандагы шайлоо 28-июнь, 2024-жыл.

28-июнда Иранда президенттик шайлоого добуш берүү башталды. 85 миллион калкы бар өлкөнүн президенттигине төрт талапкер ат салышып жатат. Фарда радиосу бул шайлоо өлкөдө саясий кырдаал чыңалып жаткан чакта өтүп жатканын жазды.

Шайлоого катышып жаткан талапкерлер баары тең эркек саясатчылар, көбү катаал позицияны кармангандар, айрымдары «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» менен байланыштагылар.

Бул өлкөдө шайлоону бийлик көзөмөлдөйт, талапкерлерди катаал саясатты карманган бийлик өкүлдөрүнөн турган, шайлануучу эмес, дайындалуучу атайын орган тандап, чыгарат.

64 жаш курагында каза болгон Эбрахим Раиси Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарды. Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап каза болгону расмий кабарланган.(AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG