Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:54

Орусия Украинадагы согушта былтыр 45 миң аскерин жоготкону маалым болду


Фронт.
Фронт.

2023-жылы Орусиянын Украинадагы согушунда кеминде 45 миң орус жараны каза болгон. "Важные истории" интернет басылмасы Росстаттын маалыматына таянып жазган макаласында Орусия тараптын жоготуулары бир жыл мурункуга караганда эки эсе көп экени айтылат.

Басылма Орусия Украинага басып киргенден бери жалпысынан 71 миң орус аскери набыт болгонун эсептеп чыккан.

"Важные истории" агенттиги кайрылган адистер реалдуу сандар жогорудагы көрсөткүчтөн көп экенин белгилешкен. Орус өкмөтү тараткан расмий маалыматтарда Украинанын оккупацияланган аймактарында каза болгондордун саны көрсөтүлбөйт. Ушул эле статистикага дайынсыз жоголгондор да киргизилген эмес.

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралда кол салып, “атайын аскердик операция” деп атаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-февралдагы маалымат жыйынында айтканына караганда, согуш башталганы 31 миңден ашуун украин аскери курман болгон. Зеленский орус күчтөрү басып киргенден бери Украинада он миңдеген жайкын тургундун өмүрү кыйылганын белгилеп, Орусия 180 миң аскеринен ажыраганын, 500 миңдей орус жоокери жарадар болгонун кошумчалаган.

Орусия өзүнүн аскердик жоготууларын ачык жарыялабай келет. Би-Би-Синин орус кызматынын жана "Медуза" басылмасынын журналисттери Орусия тарапта согушкан 45 миңден ашуун адам набыт болгонун тактаган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG