Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Гаага соту Нетаньяхуну камакка алууга ордер берүүнү кийинкиге калтырды


Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галанттын Газа тилкесиндеги операция маалындагы согуш кылмыштары үчүн айыптап, камакка алуу ордеринин маселесин кароону кийинкиге калтыруу чечимин чыгарды. Бул тууралуу The Jerusalem Post жазды.

Басылма соттун мындай чечими Улуу Британиянын Израилге карата юрисдикциясы боюнча байкоолорун тапшыруу үчүн арыз бергенден кийин болгонун жазды. Эл аралык кылмыш соту арыз тапшырууну каалаган өлкөлөргө 12-июлга чейин убакыт берди.

Улуу Британиянын байкоолору Гаага сотуна чейинки палатанын мүчөлөрү тарабынан каралат. Маалыматка караганда, айыпталуучуларды камакка алуу ордерин берүү жол-жоболору адатта жашыруун сакталат. Кеңешүү процесси гана ачык өтүшү мүмкүн.

20-майда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, коргоо министри Йоав Галантты, ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) саясий лидери Исмаил Ханияны, топтун аскердик бөлүгүнүн командачысы Мухаммад Дейфти жана Газа тилкесиндеги бөлүгүнүн башчысы Яхья Синварды камакка алууга ордер берүү маселесин карай турганын билдирген.

АКШ Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галантты камакка алууга ордер берүү чечимин сындап, ага каршы петицияга израил парламентинин 100дөн ашык депутаты да кол койгону кабарланган.(AiA)

XS
SM
MD
LG