Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:07

Кадыров терроризмге шектелгендердин жакындарын жазалоого чакырды


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өлкөнүн укук коргоо кызматкерлерин терроризмге жана «ваххабизмге» шектелгендерге карата канкордук мыйзамын жетекчиликке алууга чакырды.

"Бир тууганына (милиция кызматкери дегенди билдирет) кол салган адам түшүнүшү керек, биз кандуу жаңжалдын айынан баарын – атасын, агасын өлтүрөбүз".

Чечен оппозициясынын каналдары 23-июнда Дагестандагы куралдуу кол салуудан кийин Чеченстанда полицияга шектүү көрүнгөн адамдарга карата массалык рейддер жүрүп жатканын кабарлашты.

23-июндун кечинде Орусиянын курамындагы жумурияттын борбору Махачкалада жана Дербент шаарында куралчан топтун кол салуусунан 20дай адамдын өмүрү кыйылган. Куралчан адамдар синагога менен чиркөөнү аткылап, православдар храмында өрт тутанган. Ошол маалда Махачкалада белгисиз бирөөлөр Жол кайгуул кызматынын бекетине кол салган. Бир нече сааттан кийин Дербентке жакын жердеги Сергокала айылында дагы бир атышуу катталган.

Каза болгондордун 15и полиция кызматкерлери, жараат алгандар 46 киши экени буга чейин маалымдалган.

Кол салгандардын бешөө жок кылынганы, алардын бири Дагестандын Сергокала районунун башчысы Магомед Омаровдун уулу, дагы бири жакын тууганы экени кабарланган. Бул окуядан кийин Омаров бийликтеги «Единая Россия» партиясынын катарынан дароо «партияны жаманатты кылды» деген негизде чыгарылган.

Кылмыш иши «теракт» жана «мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү» беренелеринин негизинде козголгон. Тергөөнү Орусиянын Тергөө комитетинин борбордук аппараты жүргүзүүдө. (AiA)​

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG