Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

ТИМ Пакистандагы мурдагы элчи Тотуяевдин дооматтарына жооп берди


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин имараты.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы Кыргызстандын Пакистандагы мурдагы элчиси Уланбек Тотуяевдин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана анын орун басары Авазбек Атаханов тууралуу айткандарына комментарий берди.

Мекеменин 28-июнда тараткан маалыматында Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин эмгек жамааты Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине ага чара көрүү боюнча сунуш менен кайрылганы, ушундан улам текшерүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.

“Ал жетекчилиги алдындагы кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарынан тыш көрсөтмөлөрдү берип, аларга этикага туура келбеген мамиле жасап, күнүмдүк көйгөйлөрүн чечпей, жашоого ылайыксыз шарттарды түзүп берип, жатакана тибиндеги тар батирлерде жашоого мажбурлап келген. Ошол эле учурда, ал өзү үй-бүлөсү менен коопсуздук чаралары күчөтүлгөн, бардык шарттары түзүлгөн, кароолчулар тарабынан кайтарылган өзүнчө резиденцияда, “падышалык” шарттарда жашап келген”, - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, Тышкы иштер министрлигинин коллегиясында бул маселе каралып, Уланбек Тотуяевди кызматтан бошотуу боюнча президентке сунуш киргизүү чечими кабыл алынган.

Министрлик ал купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоого макул болуп, кол койгонун жана Уланбек Тотуяевдин акыркы аракетине тиешелүү органдар чара көрүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Уланбек Тотуяев Кыргызстандын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганын президенттин расмий сайты 27-июнда кечке маал жарыялаган. Анда элчи “жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн” кызмат ордунан бошотулганы белгиленген.

Ал кызматтан алынгандан кийин “Азаттыкка” интервью берип иштен алынганына тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана анын орун басары Авазбек Атахановдун жеке дооматтары себеп болушу мүмкүн экенин айткан. Уланбек Тотуяев элчи кызматына 2021-жылы июлда дайындалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG