ТИМ Алматыда кабат үйдөн кулап каза болгон кыз тууралуу маалымат берди

Алматы шаары.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын Алматы шаарында каза болгон 17 жаштагы кыргызстандык кыздын өлүмү тууралуу комментарий берди.

Маалыматка ылайык, 26-июнда маркум (У.К.Н.) Алматы шаарынын Сейфуллина №31/50 көчөсүндө жайгашкан кабат үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулап түшүп, алган оор жаракатынан каза болгон. Министрлик ал Алматыга ушул жылдын 21-майында барганын кошумчалады.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу маркумдун сөөгүн мекенине алып чыгып кетүүгө уруксат алган. Ушул тапта “жүк 200” аркылуу Кыргызстанга жөнөтүү иштери жүрүүдө.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин маалыматы боюнча ушул тапта чет өлкөлөрдө 657 миңден ашуун Кыргызстандын жараны жүрөт. Анын 60 миңдейи Казакстанда. (BTo)

Дагы караңыз

Москвадагы “Сахарово” борборунда Кыргызстандын 124 жараны кармалып туратТотуяев Пакистандагы элчи кызматынан бошотулганын "бир тараптуу чечим" деп баалады27-июнь: Орусия мигрантты үйүнө айдоо амалын тапты, Кыргызстанда уран казууга уруксат берилдиИранда дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тарттыАКШда 20 чакты уюм бийликти Курмашева негизсиз кармалганын таанууга үндөштүБорбор Азия чөлкөмүндөгү журналисттердин коопсуздугу талкууландыКыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан алынды