Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

Тотуяев Пакистандагы элчи кызматынан бошотулганын "бир тараптуу чечим" деп баалады


Уланбек Тотуяев.
Уланбек Тотуяев.

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан бошотулган Уланбек Тотуяев аны иштен алуу тууралуу чечим бир тараптуу, мыйзам актыларына туура келбестен кабыл алынды деп эсептейт. Мындай пикирин ал 27-июнда “Азаттыкка” билдирип, кызматка киришкенден бери жүктөлгөн милдетти жетиштүү деңгээлде аткарып келгенин белгиледи.

Ал эки жума мурда Исламабаддагы элчиликке Тышкы иштер министрлигинин жабык комиссиясы келип кеткенин, анын корутундусунун негизинде министрликте коллегия өткөнүн айтып, ошол коллегиянын чечиминде келтирилген жүйөлөр менен макул эместигин белгиледи.

“Мыйзам актыларына туура келбейт. Себеби биринчи кезекте мени коллегиянын чечими жана комиссиянын актысы менен тааныштырышы керек болчу. Ал жасалган жок. Бир тараптуу жазылып калды. Эгер кемчилик болсо, жасаган ишим туура эмес болсо, мага өзүмө айтылышы керек эле. Мен акт менен таанышып, кол коюшум керек болчу. Жоопкерчиликтен качкан жокмун. Эгер алар жазганы туура болсо, мен жоопкерчиликти тартам, андан качканым жок”, - деди Тотуяев.

Ал элчиликтеги өзүнүн үч жылдык кызматтык мөөнөтү аяктарына аз калганын, ага чейин ушундай негизде иштен алынганына тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин жана анын орун басары Авазбек Атахановдун жеке дооматтары себеп болушу мүмкүндүгүн айтты.

“Президент [чечимди] кабыл алды. Мен ал чечимге эч нерсе деп айта албайм. Бирок биздин Тышкы иштер министрлиги, айрыкча тышкы иштер министри [Жээнбек Кулубаев] менен анын орун басары Атаханов Абазбек Койлубаевичтин, эки адамдын сунуштамасынын негизинде президенттин буйругу чыкканын билип турам. Алар менин “кызматтык милдетимди так аткарбайт” деп жазышыптыр. Тилекке каршы көп нерсени айтпайын дедим эле. Бирок азыр айтканга мажбур болуп жатам. Себеби дегенде биздин коомчулук да Тышкы иштер министрлигинде болуп жаткан ички саясатты, документ жүргүзүү боюнча [абалды] билиши керек. Көп нерселер ачыкка чыкпаганына байланыштуу мен ачык айтайын деп чечтим. Биринчи маселе катары тышкы байланыштардын болбогону тууралуу жазылыптыр. Мен ага каршымын. Себеби министрликте көп нерсе чечилбегенине байланыштуу болбой калды деп айта алам”, - деди Тотуяров.

Тышкы иштер министрлиги Тотуяевдин бул айткандары боюнча азырынча комментарий бере элек.

Уланбек Тотуяев Кыргызстандын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулганын президенттин расмий сайты 27-июнда кечке маал жарыялады. Анда элчи "жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн" кызмат ордунан бошотулганы белгиленген.

Уланбек Тотуяев элчи кызматына 2021-жылы июлда дайындалган. (RK/KKs)

XS
SM
MD
LG