Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

Москвадагы “Сахарово” борборунда Кыргызстандын 124 жараны кармалып турат


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

21-июндан 24-июнга чейин Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кармалып турган Кыргызстандын 84 жараны өлкөгө жөнөтүлдү. 24-июндагы маалымат боюнча, сөз болуп жаткан борбордо дагы 124 кыргыз жараны бар.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Сахарово” борборунда мигранттар кордук көрүп, укугу бузулуп жатканын айтып чыккан Бактыгүл Молдобаеванын окуясы тууралуу берген комментарийинде билдирди.

Мекеме 20-июнда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери “Сахарово” борборунда кармалган мекендештерге барышканын кабарлады. Борбордун жетекчилиги менен Кыргызстандын жарандарын кармоо шарттары, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар талкууланган.

"Сахарово" борборунда кыздарды мазакташты".
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:18 0:00

“Сахарово” борборунун жетекчилиги мыйзам бузуулар тууралуу арыз түшпөгөнүн, мындай фактылар катталса Орусиянын мыйзамдары менен зарыл чаралар көрүлө турганын айткан.

Жакында эле интернетке бул борбордо кармалып чыктым деген кыргызстандык Бактыгүл Молдобаева видео жарыялаган. Ал бул жайга түшкөн мигранттар кордук көргөнүнө, кош бойлуу аялдар бар экенине жана эркектерди уруп-сабаган учурларга күбө болгонун айтып берген.

Кайрылууну жарыялаган Бактыгүл Молдобаева “Азаттыкка” бул окуяларды ырастаган.

“Сахарово” борбору – Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жабык мекеме. Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгарууга туш болгон чет өлкөлүк жарандар мекенине кайтарылганга чейин ушул жайда кармалып турат. Телефонго видеого тартууга, сүйлөшүүгө уруксат берилбейт жана ар төрт күндө кнопкалуу телефон менен сүйлөшүүгө уруксат берилет.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин маалыматы боюнча ушул тапта чет өлкөлөрдө 657 миңден ашуун Кыргызстандын жараны жүрөт. Анын 411 миңдейи Орусияда. (BTo)

XS
SM
MD
LG