Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Борбор Азия чөлкөмүндөгү журналисттердин коопсуздугу талкууланды


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Журналисттин коопсуздугу анын жеке өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнө байланышкан гана маселе эмес, бул демократиянын жана жалпы коопсуздуктун негизи. Бул тууралуу бүгүн 27-июнда Казакстанда Алматы шаарында өткөн Борбор Азия журналисттеринин коопсуздугу боюнча аймактык жыйында сүйлөгөн сөзүндө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Жалпыга маалымдоо каражаттары маселелери (RFoM) боюнча өкүлү Тереза Рибейру билдирди:

«Журналисттердин коопсуздугу биздин коом үчүн өтө маанилүү маселе жана ЕККУга мүчө мамлекеттер карманган негизги принциптерди коргоонун талашсыз элементи болуп саналат».

“ЖМК эркиндигин бекемдөө үчүн журналисттерди коргоо” деп аталган жыйынга Борбор Азия чөлкөмүндөгү журналисттер, медиа адистер жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышып, кабарчылардын коопсуздугун камсыздоо каражаттарын жана стратегияларын талкуулашты.

Алар түрдүү дискуссияларга, санарип коопсуздук боюнча семинарга, журналисттердин онлайн да, оффлайн да коопсуздугун камсыздоочу ийгиликтүү стратегиялар менен демилгелер тууралуу сөз болгон эл аралык талкууга катышышты.

Практикалык билимден жана улам татаалдашып бараткан ЖМК тармагындагы навигация, анын ичинде журналисттердин коопсуздугу боюнча RFoM каражаттары менен катар аял журналисттердин онлайн зомбулукка кабылышын алдын алуу боюнча сунуштардан тышкары алар медиа коомчулук ичинде өз ара байланыш түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк да ала алышты. (RK)

XS
SM
MD
LG