Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

27-июнь: Орусия мигрантты үйүнө айдоо амалын тапты, Кыргызстанда уран казууга уруксат берилди


Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Согушка барбасаң үйүңө кайт...

Орусия эмгек мигранттарын өлкөдөн кетүүгө аргасыз кылыш үчүн аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин билдирди. Ал жакында орус жарандыгын алган, бирок аскердик каттоого турбай жүргөн 30 миңдей чет өлкөлүк аныкталып, каттоого алынганын, алардын 10 миңге жакыны согушка жөнөтүлгөнүн айтты. Мигранттар «окоп казганга» да керек экенин айткан жетекчи «алар бүгүнкү күндө биздин тылдагы бөлүктөрдү толуктап жатышат» деп кошумчалады. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров 10-июнда Орусияда 411 миңден ашык кыргызстандык мигрант бар экенин айткан. 2022-жылы бул сан 587 миң болчу.

Уран казууга уруксат берген мыйзам кабыл алынды

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынды. Муну менен өлкөдө уран, торий чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндөгү 2019-жылдагы мыйзам күчүн жоготту деп табылды. Ошол жылы Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон. Президент Садыр Жапаров быйыл 19-февралда Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ал жерде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

Репрессия курмандыктарын актоо мыйзамы колдоо тапты

Жогорку Кеңеш 1918-1953-жылдары саясий жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынгандарды реабилитация кылуу үчүн жазылган мыйзамды толук колдоду. Эми ага президент кол койсо ушул күнгө чейин жашыруун делип Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) архивинде сакталып, тарыхчылардын колу жетпей келаткан архивдик документтер Мамлекеттик архив кызматына өткөрүлүп берилет. 1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат. Ошол кездеги коомдук ишмерлер Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлүнө да “эл душманы” деген айып коюлуп, 1938-жылы 5-8-ноябрь күндөрү атууга кеткен.

Иранда эки талапкер шайлоодон баш тартты

Иранда президенттик шайлоого эки күн калганда талапкерлердин дагы бири, борбор калаа Тегерандын мэри, консервативдүү, катаал саясаты менен белгилүү Алиреза Закани ат салышуудан баш тартты. Ал маркум Эбрахим Раисинин саясий курсу уланышы керек деп эсептей турганын, ошондуктан шайлоочулардын көңүлүн, добушун анын ишин улап кете турган талапкерлер айланасында топтоо зарылдыгын айтты. Реформачыл талапкер, кардиохирург адис, салыштырмалуу байистүү көз карашы менен таанылган мурдагы президент Хасан Рохани менен байланышта экени айтылып келаткан Масуд Пезешкияндын бийликке келишине жол бербөөгө чакырды. Бир күн мурда шайлоого катышуудан баш тартканын вице-президент Амирхоссейн Газизаде Хашеми жарыялаган. Иранда президенттик шайлоо 28-июнда өтөт. 64 жаш курагында учак кырсыгынан каза болгон Эбрахим Раиси Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарды.

Ысык-Көлдө түрк мамлекеттеринин бизнес-инвестиция форуму ачылды

Ага Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери катышууда. Ошондой эле байкоочу өлкөлөр Венгрия, Түндүк Кипр жана Европа өкүлдөрү келишти. Форумда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, экологиялык нукура азыктарын сыртка сатуу, жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелерди да каралууда.

Курмашева негизсиз кармалганын расмий таануу талабы коюлду

АКШ журналисттеринин National Press Club кесиптик ассоциациясы жана сөз эркиндигин коргоо менен алектенип келаткан дагы 18 бирикмеси Кошмо Штаттардын президенти Жо Байденге ачык кат жолдоп, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын кабарчысы Алсу Курмашеванын «негизсиз кармалганын» таанууга жетишүүгө чакырышты. 31-майда Орусиянын курамындагы Татарстандын борбору Казан шаарынын Совет райондук соту тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Курмашеванын 2023-жылдын октябрынан берки камак мөөнөтүн дагы эки айга, 5-августка чейин узарткан. Аны "чет элдик агент" катары каттоого алуу керектигин бийликке билдирген эмес деп айыптап жатышат. Оорус армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан жана "экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес" деген айыптар тагылган.

Дарыгердин айлыгы дагы көбөйөт

1-июлдан тартып аймактарда адис дарыгерлердин айлык акысына 20 миң сомдон кошулат. Ал эми депозит программасы менен жаш дарыгерлердин айлык акысы 35-37 миң сомго чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди. 2021-жылы жазында үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы 50 пайыз көтөрүлгөн. Көп өтпөй, ошол эле жылы июнда бардыгынын маянасы 100 пайыз көбөйгөн. Учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы 25-35 миң сом. Окууну жаңы бүткөн доктурлар 12-15 миң сом алышат.

XS
SM
MD
LG