Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Иранда дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тартты


Алиреза Закани. Архивдик сүрөт.
Алиреза Закани. Архивдик сүрөт.

Иранда президенттик шайлоого эки күн калганда талапкерлердин дагы бири, борбор калаа Тегерандын мэри, консервативдүү, катаал саясаты менен белгилүү Алиреза Закани ат салышуудан баш тартты. 26-июндун кечиндеги билдирүүсүндө ал маркум Эбрахим Раисинин саясий курсу уланышы керек деп эсептей турганын, ошондуктан шайлоочулардын көңүлүн, добушун анын ишин улап кете турган талапкерлер айланасында топтоо зарылдыгын айтты.

«Алар [негизги талапкерлер] революция күчтөрүнүн талаптарын четке какпай, биримдикке умтулса, «үчүнчү руханий мамлекет» түзүүгө жол бербесе деп каалайм», — деп жазды ал Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасына жана өлкөгө “революция идеяларына ишенген, колу таза адамдар” керектигин кошумчалады.

Закани 2021-жылы да Раисиге колдоосун билдирип, президенттик шайлоодо ага атаандаш болуудан баш тарткан. Ал Иран Батыштын санкцияларынын кесепетин жое аларын, бирок АКШ жана Европа өлкөлөрү менен чыңалууну дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулушу керек экенин айтып келет.

Тегеран мэри Иран президенти кызматына талапкерлигин көрсөткөн парламент төрагасы Мохаммад Багер Галибафка жана Саясий максатка ылайыктуулук кеңешинин мүчөсү Саид Жалилиге кайрылып, Масуд Пезешкияндын бийликке келишине жол бербеш үчүн биригүүгө чакырган. Реформачыл талапкер, кардиохирург адис Пезешкиян салыштырмалуу байистүү көз карашы менен таанылган мурдагы президент Хасан Рохани менен байланышта экени айтылып келет.

Бир күн мурда шайлоого катышуудан баш тартканын Ирандын вице-президенти, Раисинин орун басары болуп иштеп келген Амирхоссейн Газизаде Хашеми да жарыялаган.

Иранда президенттик шайлоо 28-июнда өтөт. Бул өлкөдө шайлоону бийлик катуу көзөмөлдөйт, талапкерлерди катаал саясатты карманган бийлик өкүлдөрүнөн турган, шайлануучу эмес, дайындалуучу атайын орган тандап, чыгарат.

Шайлоого катышуу укугун алган талапкерлер эми төртөө калды. Алар баары тең эркек саясатчылар, көбү каттал позицияны кармангандар, айрымдары «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» менен байланыштагылар.

64 жаш курагында каза болгон Эбрахим Раиси Иранды 2021-жылдын август айынан бери башкарды. Раиси, тышкы иштер министри Хосейн Абдоллахиян жана башка бир нече киши бараткан тик учак быйыл 19-майда Ирандын Азербайжан менен чек арасында кырсыкка учурап каза болгону расмий кабарланган.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG