Москвадагы “Сахарово” борборунда Кыргызстандын 124 жараны кармалып турат

Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

21-июндан 24-июнга чейин Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кармалып турган Кыргызстандын 84 жараны өлкөгө жөнөтүлдү. 24-июндагы маалымат боюнча, сөз болуп жаткан борбордо дагы 124 кыргыз жараны бар.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “Сахарово” борборунда мигранттар кордук көрүп, укугу бузулуп жатканын айтып чыккан Бактыгүл Молдобаеванын окуясы тууралуу берген комментарийинде билдирди.

Мекеме 20-июнда Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери “Сахарово” борборунда кармалган мекендештерге барышканын кабарлады. Борбордун жетекчилиги менен Кыргызстандын жарандарын кармоо шарттары, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан маалыматтар талкууланган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Сахарово" борборунда кыздарды мазакташты".

“Сахарово” борборунун жетекчилиги мыйзам бузуулар тууралуу арыз түшпөгөнүн, мындай фактылар катталса Орусиянын мыйзамдары менен зарыл чаралар көрүлө турганын айткан.

Жакында эле интернетке бул борбордо кармалып чыктым деген кыргызстандык Бактыгүл Молдобаева видео жарыялаган. Ал бул жайга түшкөн мигранттар кордук көргөнүнө, кош бойлуу аялдар бар экенине жана эркектерди уруп-сабаган учурларга күбө болгонун айтып берген.

Кайрылууну жарыялаган Бактыгүл Молдобаева “Азаттыкка” бул окуяларды ырастаган.

“Сахарово” борбору – Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жабык мекеме. Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгарууга туш болгон чет өлкөлүк жарандар мекенине кайтарылганга чейин ушул жайда кармалып турат. Телефонго видеого тартууга, сүйлөшүүгө уруксат берилбейт жана ар төрт күндө кнопкалуу телефон менен сүйлөшүүгө уруксат берилет.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин маалыматы боюнча ушул тапта чет өлкөлөрдө 657 миңден ашуун Кыргызстандын жараны жүрөт. Анын 411 миңдейи Орусияда. (BTo)

Дагы караңыз

Тотуяев Пакистандагы элчи кызматынан бошотулганын "бир тараптуу чечим" деп баалады27-июнь: Орусия мигрантты үйүнө айдоо амалын тапты, Кыргызстанда уран казууга уруксат берилдиИранда дагы бир талапкер президенттик шайлоого катышуудан баш тарттыАКШда 20 чакты уюм бийликти Курмашева негизсиз кармалганын таанууга үндөштүБорбор Азия чөлкөмүндөгү журналисттердин коопсуздугу талкууландыКыргызстандын Пакистандагы элчиси кызматынан алындыМамлекеттик мекемелерди нан менен "Бишкекнаабайкана" ишканасы камсыздайтДепутат Масалиев ЖКда мыйзам, токтомдор талкуусуз өтүп жатканын сындады