Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

Мамлекеттик мекемелерди нан менен "Бишкекнаабайкана" ишканасы камсыздайт


Наабайкана. Иллюстрациялык сүрөт.
Наабайкана. Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик бюджеттен жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинен каржылануучу мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү бийлик органдары, ишкана жана уюмдарды нан, кондитердик азыктар менен "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасы камсыздай турган болду.

Бул чечим мамлекеттик үлүшү бар ишканалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатын көздөй турганын Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаар мэриясына караштуу "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасы өндүрүш аянты жана кубаттуулугу боюнча борбор калаада жана Чүй облусунда ири наабайкана болуп саналат.

Аталган ишкана 2008-жылы калктын социалдык аялуу катмарын жана муниципалдык мекемелерди жеткиликтүү баада коопсуз жана сапаттуу нан азыктары менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

Учурда ишкана суткасына 7 миң даана бөлкөнү ташып жеткирет, суткасына 20 миң нан бышырат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG