ЖК кыргыз тилин билгендерди гана сот кылып дайындоо документин кабыл алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 27-июндагы жыйынында Кыргызстандын сот тутумунун судьялык кызматына талапкер болгон адамдарга мамлекеттик тилди В1 деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билүүсүн милдеттендире турган мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Документтин автору, Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев буга чейин судьялык кызматка талапкер кыргыз тилин сөзсүз билиши керектигин, себеби ушул тапта соттук отурумдарды орус тилинде жүргүзгөн маалда доогер же жоопкер адамдар аны түшүнбөй кыйналган учурлар бар экенин айткан. Депутат мыйзам долбоору кабыл алынса соттук отурумдарды орус тилинде да өткөрсө болорун, судья мамлекеттик тилди билиши керек деген талап азыр иштеп жаткан сотторго жайылтылбай турганын билдирген.

Долбоордо мындан сырткары жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлɵрү деп мыйзам менен таанылган жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгондор болсо алар кызматка алынбай турганы жазылган. Андан тышкары райондук, административдик жана шаардык соттордо үч жыл, облустук жана Бишкек шаардык сотунда эки жыл иштеген гана судьялар Жогорку сотко судья боло алат. Документ эми президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Документ “Судьялардын статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү карайт.

Иштеп жаткан мыйзамда соттуулугу, анын ичинде алынган же жоюлган соттуулугу барлар, жүрүм-турумуна байланыштуу судьялык кызмат ордунан мурда бошотулгандар, укук коргоо органдарынан жана прокуратура органдарынан наамын булгап бошотулгандар, түрдүү иштер үчүн адвокаттык лицензиясынан ажыратылгандар, кылмыш жасады деп шек саналгандар же айыпталгандар жана чет мамлекеттин жарандыгы барлар судья боло албайт.

2023-жылдын 17-июлунда президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт. (BTo)

Дагы караңыз

Ошто “Хизб ут-Тахрир” уюмунун лидерлери жана мүчөлөрү кармалдыДепутат Масалиев ЖКда мыйзам, токтомдор талкуусуз өтүп жатканын сындадыКыргызстанда 100 миңден ашык ККМ машиналары колдонулуп жататЭл артисти Сагынбек Ишенов акка моюн сунду“Эргүү” улуттук театр сыйлыгы тапшырылдыБоливияда президент өлкөдө төңкөрүш кылуу аракети болуп жатканын айттыЕвропа чемпионаты: Плей-офф баскычына өткөн курамалар аныкталды26-июнь: Президент Жапаров карындашы үчүн кечирим сурады, Тажикстанда бүбү-бакшы камалат