Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:43

Европа чемпионаты: Плей-офф баскычына өткөн курамалар аныкталды


Грузиянын курама командасынын оюнчулары.
Грузиянын курама командасынын оюнчулары.

Футбол боюнча Европа чемпионатынын тайпалык оюндары жыйынтыкталып, плей-офф баскычына жолдомо алган улуттук курама командалар аныкталды.

Плей-офф баскычындагы атаандаштар:

  • Швейцария – Италия;
  • Германия - Дания;
  • Англия - Словакия;
  • Испания - Грузия;
  • Франция - Бельгия;
  • Португалия – Словения;
  • Румыния - Нидерланддар;
  • Австрия - Түркия.

Плей-офф баскычындагы оюндар 29-июнда башталып, 2-июлда аяктайт. Бул курамалардын ичинен Грузия быйыл Европа чемпионатында дебют жасап, 1/8 баскычка өттү.

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Чемпионатка 24 өлкөнүн курама командалары катышып, тайпалык оюндардан кийин плей-офф баскычына 16 команда өттү.

Чейрек финал 5–6 июлда, жарым финалдык беттештер 9-10-июлга белгиленген. Финалдык оюн 14-июлда болот. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG