Бишкекте кабат үйдөн чыккан өрттөн 10 адам куткарылды

Өрт чыккан көп кабаттуу үй.

Бишкек шаарынын Ленин районундагы Фучик көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан чыккан өрттөн 10 адам куткарылып, 50 адам эвакуация болду.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү машине жана бир автошаты тартылган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген. (BTo)

Дагы караңыз

Беларуста украин туусун жарыялаган дин кызматкеринин абак мөөнөтү узартылдыАраванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган адам беш жылга соттолду"Бишкек" эркин экономикалык аймагында электрондук тамеки чыгаруу долбоору талаш жараттыДагестандагы кол салуудан кийин "Единая Россиянын" жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталатКрымда ракета чабуулунан жабыркагандар 151ге жеттиАжылыкка баргандар арасынан каза болгондор 1300дөн ашты