Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

"Бишкек" эркин экономикалык аймагында электрондук тамеки чыгаруу долбоору талаш жаратты


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 24-июндагы жыйынында “Бишкек” эркин экономикалык аймагында (“Бишкек” СЭЗ) компанияларга чет өлкөгө экспорт кылуу үчүн электрондук тамекилерди өндүрүүгө уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору талаш жаратты.

Документтин авторлорунун бири, депутат Марлен Маматалиев мыйзамда эркин экономикалык аймакта 2000-жылга чейин катталган гана ишканалар иштей алат деген талап жазылганын, ушундан улам башка компанияларга да шарт түзүү керек экенин айтты.

Бирок депутаттар Дастан Бекешев менен Элвира Сурабалдиева мыйзамдын негизги өзөгү аталган аймакта электрондук тамекилерди өндүрүүгө уруксат берүү сунушу болуп жатканын айтышты. Сурабалдиева ушул тапта Кыргызстанда электрондук тамекилерге тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору сунушталып, ал парламенттен колдоо табуу алдында турганын эске салды.

“Биз Кыргызстанда электрондук тамекилерди колдонууга тыюу салып жатабыз. Бирок экинчи жагынан башка бир компанияга бизнес кылууга шарт түзүп берүүдөбүз. Биз балдардын ден соолугун ойлоп атабыз. Эмне Кыргызстандагы балдар жакшы да, Казакстан же Өзбекстандагы балдар жаманбы?”, - деди ал.

Мыйзам долбоору кабыл алынса “Бишкек” эркин экономикалык аймагында эки ишкана электрондук тамекилерди чыгарып баштай турганы кабарланды. Бирок алардын аты айтылган жок. Документти өкмөт колдой турганы белгилүү болду.

Жыйынтыгында долбоор Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.

Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети ушул эле күнү өлкө аймагында электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. Документти депутаттар Шаирбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Аида Исатбек кызы сунуштаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG