Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

24-25-июнда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

25-июнда түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21°, күндүз 32…34° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 22…24° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 23-июнда күндүз 18,6°, 24-июнда эртең менен 18,2° болду.

Дагы караңыз

Нетаньяху Рафахтагы операция аяктап баратканын айттыЧалдыбардагы жатак мектептин маселеси парламентте дагы көтөрүлдү Баткенде сел үч бодо малды, 14 майда жандыкты агызып кеттиКайра шайлоо: үч аймакта шайлоочулардын тизмеси такталдыСалык кызматынын төрагасынын орун басары 14-августка чейин камалдыАвстралияда камалган теги тажикстандык окумуштуу эркиндикке чыктыЖан-жаныбардын турпатын жасаган уста