Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 23-июнда Бишкектеги “Караван” соода борборунда үч жаштагы кыздын буту эскалаторго кыпчылып калганы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.
Окуя болгон жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынан беш куткаруучу тартылып, атайын шаймандардын жардамы менен кыздын бутун чыгарып, “Тез жардам” кызматына өткөрүп беришкен.
Саламаттык сактоо министрлиги буту сынган кызга №3 шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында операция жасалганын жана абалы туруктуу экенин кабарлады.
Кыздын буту эскалаторго эмне болуп кыпчылып калганы тууралуу “Караван” соода борбору азырынча комментарий бере элек. (BTo)
Дагы караңыз
Дагестан: Куралчан адамдардын кол салуусунан кеминде тогуз өмүр кыйылдыИзраилдин коргоо министри АКШга жөнөдүПашинян анын кетүүсүн талап кылган оппозиция утулганын айттыБишкек-Ош жолунда жана Кадамжайда сел жүрдүБазарбеков президентке сотторго тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү сунушу берилгенин айттыКыргызстандык ажылардын алгачкы тобу өлкөгө кайтып келди Акылбек Жапаров үч өлкөнүн темир жолунун курулушу 25-августта башталарын айтты