Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Акылбек Жапаров үч өлкөнүн темир жолунун курулушу 25-августта башталарын айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу быйыл 25-августта башталарын билдирди. Бул тууралуу өкмөт башчы 21-июнда Чүй облусунда кубаттуулугу 2 МВт болгон “Ысык-Ата-1” кичи ГЭСинин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Буюрса 25-августта биз ушул темир жолун курабыз (ред: куруп баштайбыз). Кыргызстан Советтер Союзу учурунда эң туюк өлкө болчу. Анткени Темир жол бизге келип токтоп калчу. Эми темир жол курулганы турат. Бул Шанхайдан Парижге чейинки эң кыска жол. Бул жол менен жылына 15 млн тонна жүк өтөт деп атабыз. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин эсептеп бүттүк. Жакынкы 15-20 жылдын ичинде долбоор өзүн актайт. 30 жылдан кийин буюрса биз темир жолду өзүбүзгө алып, деңизге да, дүйнө жүзүнө да соода-сатык кылуу үчүн чыга алабыз”, - деди ал.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариевдин маалыматы боюнча, долбоордун наркы 4 млрд 665 млн доллар болот.

Мунун тең жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан чогуу чыгарат. Анын 51%ын Кытай берет, Кыргызстан менен Өзбекстан 24,5%дан чыгарат. Мында долбоорго Бээжин 1 млрд 187 млн доллар, Бишкек 573 млн доллар жана Ташкент 573 млн доллар түз салым катары салышы керек.

Сумманын экинчи жарымы – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн үч өлкө Биргелешкен долбоорлоочу компания (БДК) түзөт. Ал ишкана Кыргызстанда жайгашат. Кошкон каражаттарына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.

“Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев парламенттин комитет жыйынында билдиргендей, темир жолду үч өлкө 31 жыл биргелешип иштеткен соң ал толугу менен Кыргызстандын балансына өтөт.

Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннель курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.

2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

2024-жылдын 6-июнунда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG